Эркек кишиден 5 жашар баланын салмагындай шишик алынып салынды (сүрөт)
RU

Эркек кишиден 5 жашар баланын салмагындай шишик алынып салынды (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эркек киши төрт жыл бою шишик көтөрүп жүргөн, натыйжада ал 17 килограммга чейин өсүп кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Улуттук онкология жана гематология борборунун ичеги шишиктери бөлүмүнүн башчысы Муратбек Осомбаев билдирди.

Осомбаевдин айтымында, быйылкы жылдын башында аларга Ош облусунун тургуну ооруп кайрылган. Текшерүүдөн кийин анын ичинде чоң шишик бар экени белгилүү болгон. Бул шишикти 5 жашар баланын салмагы (17 килограмм) менен салыштырса болот.

"Ошто эки ай мурун операция жасалган, бирок дарыгерлер шишикти алып сала алышкан эмес. Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин Бишкек шаарынан операция кылууну чечтик. Бул ретроперитонеалдык шишик бир нече жыл мурун курсакта пайда болгон. Биз адегенде эсептеп чыктык "Бул иштебей турган шишик. Изилдөөдөн кийин тамырлар өнүп чыкпаганы аныкталды. Анын чоңдугуна карабастан, алып салууну чечтик", - деди бөлүм башчы.

Операциядан кийин дарыгерлер шишикти таразага тартышканда салмагы 17 килограмм чыккан.

"Операцияны төрт хирург төрт саат бою жасашты. Бул кооптуу операция болду. Шишикке тийгенде көп кан агып баштады. Ушундан улам операцияны токтотобуз деп ойлогонбуз, бирок андан кийин улантуу чечимине келдик", - деди Осомбаев.

.

Операциядан кийин пациент өзүн жакшы сезип калганын билдирди. Ал Kaktus.media сайтына ашказанында шишик бар экенин мурда билбегенин айтты.

"Төрт жыл бою өзүмдүн денем оор деп ойлочумун. Айылда иштеп жүргөн убакта 300 килограмм жүк көтөрө алчумун. 1-декабрдан баштап иштей албай калдым.

15-декабрда Оштогу ооруканага кайрылгам. Ал жактан мага операция жасалды, бирок шишикти алып сала алышкан жок. Ошентип, Бишкекке келип, ийгиликтүү операция болдум. Врачтарга чон рахмат", - деп ыйлап жиберди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/5716