Кыргызстандыктар Украинадан Румыния жана Венгрия аркылуу чыгарылмакчы. Жооп күтүшүүдө
RU

Кыргызстандыктар Украинадан Румыния жана Венгрия аркылуу чыгарылмакчы. Жооп күтүшүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги кыргызстандыктарды эвакуациялоо боюнча чечим кабыл ала элек. Кыргызстандыктарды Румыния жана Венгрия аркылуу эвакуациялоо жолдору каралууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Украинада жүргөн кыргызстандыктар билдирди.

Кыргыз диаспорасынын айтымында, учурда кыргызстандыктарды эвакуациялоо боюнча эки өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Элчилик Украинадагы ар бир кыргызстандык менен байланышып, саат сайын кырдаал боюнча маалымат берүүдө. Румыния жана Венгрия аркылуу биздин жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тышкы иштер министрлигинен жооп күтүп жатышат", - дешти диаспора өкүлдөрү.

Эске салсак, буга чейин КР Тышкы иштер министрлиги "Украинанын аймагынан үчүнчү өлкөлөрдүн аймагы аркылуу чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо боюнча иш жүрүп жатканын" билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/5717