Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткенден тосот
RU

Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткенден тосот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы эки күндүк сапардын алкагында бир нече иш-чарага катышат.

Президент Садыр Жапаров 20-21-мартта эки күндүк иш сапар менен Баткен облусуна барат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров иш сапардын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышат. Ошондой эле мамлекет башчынын Нооруз майрамына карата мааракелерге да катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/6047