Каза болгон кыздар. Кырсык болгон учур камерага түшүп калган
RU

Каза болгон кыздар. Кырсык болгон учур камерага түшүп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 5-майда Каракол шаарында эки кыздын өмүрүн алган кырсык болду.

Айдоочунун 2015-жылы туулган кызы ошол жерден каза болсо, 2020-жылы туулган экинчи кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Унаанын айдоочусу жана анын жүргүнчүлөрү облустук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Кырсык болгон учурдун видеосу ИИМ ГУОБДДнын Instagram аккаунтуна жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/6581