Алматыдагы күрөш боюнча мелдеште кыргызстандыктар жалпы 10 медал утту. Тизме
RU

Алматыдагы күрөш боюнча мелдеште кыргызстандыктар жалпы 10 медал утту. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алматы шаарында өткөн күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдешинде Кыргызстандык балбандар жалпысынан 10 байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюму расмий сайтында жарыялады.

Турнирде грек-рим күрөшү боюнча медалга ээ болгондор:

  • Акжол Махмудов (82 кг) алтын медал,
  • Жоламан Шаршенбеков (63 кг) коло,
  • Атабек Азисбеков (87 кг) коло,
  • Ильяс Ренат уулу (77 кг) коло,
  • Калидин Асыкеев (82 кг) коло.

Кыз-келиндер арасында Айпери Медет кызы алтын байге алды.

Эркин күрөш боюнча медалга ээ болгондор:

  • Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын,
  • Бекболот Мырзаназар уулу (61 кг) алтын,
  • Саякбай Усупов (79 кг) күмүш,
  • Алибек Осмонов коло.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/6953