"UFC курун үйүмө, Кыргызстанга алып келдим". Валентина Шевченко Бишкекке келди (сүрөт)
RU

"UFC курун үйүмө, Кыргызстанга алып келдим". Валентина Шевченко Бишкекке келди (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жетинчи ирет чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченко бүгүн, 15-июнда Бишкекке келди. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жарыялап, "Манас" аэропортунан аны мекендештери тосуп алган сүрөттөрдү жайгаштырган.

"Жакшы тосуп алганыңыздар үчүн бардыгыңыздарга рахмат! Мен UFC курун үйүмө, Кыргызстанга алып келдим", - деп жазган посттун астына.

Валентина менен бирге анын сиңдиси Антонина Шевченко учуп келди. Kaktus.media сайтынын булактарынын маалыматына карганда, ал кийинки беттешке ушул жерден даярданат. Валентина өзү эс алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/7097