Уурулукка шектелип мамыга байланган кишинин майыптыгы бар болуп чыкты (видео)
RU

Уурулукка шектелип мамыга байланган кишинин майыптыгы бар болуп чыкты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Ордо конушунда жарым жылаңач кишини мамыга байлап, төшүнө "ууру" деп жазып коюшкан. Бул видео кечээ интернет желесине тарады.

Кадр сыртындагы үнгө кулсак салсак, бул адам конуштагы адамдардын баалуу буюмдарын уурдаган.

Сокулук РИИБине билдирүүсү боюнча, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн кечээ 1965-жылы туулган Е.Ф. тергөө кызматына алып келинди. Милиция кызматкерлери бардык тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Кийин ал жарандын ден соолугунда көйгөйлөр бар экени маалым болду. Жашоочулардын айтымында ал психикалык жактан жабыркайт жана майыптыгы бар.

"Анын үч баласы бар. Психикалык жактан жабыркайт, майыптыгы дагы бар. Үнү дагы жакшы чыкпайт. Ал күнү маршруткадан уктап калып, үйүнө эмес, Ак-Ордого келип калыптыр. Бир үйгө жол сураш үчүн кирип кетет. Анан ууру дешип, ызы-чуу түшүп кетишкен",-деди тургундардын бири.

Учурда уурулукка шектелген жаран менен аны күнөөлөп жаткан тарап элдешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/7154