Токойлордогу өрт коркунучу жогору. 27-28-июлга карата аба ырайы
2187
27-28-июлда Кыргызстанда кургак жана аномалдуу ысык аба ырайы сакталат. Күндүз температуранын жогорулашы күтүлөт:
- Чүй өрөөнүндө 36…41° чейин;
- Талас өрөөнүндө 34…39° чейин;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 37...42°, тоо этектеринде 34...39°, Суусамыр өрөөнүндө 27...32° чейин;
- Ысык-Көл ойдуңунда 29…34° чейин;
- Нарын облусунун дыйканчылык зонасында 31...36°, тоолуу райондордо 24...29°, бийик тоолуу зонада 14...19° жылуу.
Мындай анормалдуу ысык аба ырайында күндүн түз нурунан сактануу сунушталат, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн мол сугаруу зарыл.
Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул, Жети-Өгүз, Нарын, Аксы райондорунун токойлорунда өрт коркунучу жогору, Аламүдүн райондорунун токойлорунда орточо өрт коркунучу сакталат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/7644