Укук коргоочу ата-энелерди 8 миң сомдук форма алууга мажбурлап жатышканын айтып чыкты
Укук коргоочу Назгүл Турдубекова мектеп формасын сатып алууга аргасыз болгон ата-энелердин арыз-муңун социалдык тармактагы баракчасына айтып чыкты.
"Ата-энелер мага кайрылып жатышат. Аларга мектеп администрациясы 8 миң сомго форма сатып алгыла деп жатыптыр. Башка мектепте форманы буюртма менен тигүүгө мажбурлап жатышат. Эртең жеткирүүчүлөр - тигүүчүлөр мектептен заказ алганы келишет экен. Пандемия балдардын билим сапатына атайын формалар эмес, мугалимдердин кесипкөйлүгү таасир этерин көрсөттү. Андан тышкары буга чейинки мектептерге берилген атайын формалар сапатсыз, ыңгайсыз болгон", - деп дейт Турдубекова.
Ата-энелер канцелярдык товарлардын, азык-түлүктөрдүн кымбаттыгынан атайын форма алганга акча жок экенин, балдар колунда бар форманы кие берерин айтышты.
Назгүл Турдубекова билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевге, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачевага, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгына кайрылды. Ал "мектеп директорлорунан ата-энелерди жайына калтырууну, мектеп формасын 8 миң сомго сатып алуу үчүн тигүүчүлөргө буюртма берүүнү токтотууну талап кылгыла" дейт. Айтымында, бул коррупциянын белгиси.
"Пандемиядан кийин ата-энелер дагы эле кризистик абалда. Баалар көтөрүлдү, алар балдар үчүн салттуу стилди калтырууну суранып жатышат. Ата-энелердин өтүнүчтөрүнө көңүл бурсаңыз, ыраазы болот элем",- деди Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге окуучулардын мектеп формасы классикалык болорун айткан.