Россияда кыргыз үй-бүлөсү кырсыкка учурап, 12 жаштагы секелекке операция жасалды
Россиянын Челябинск облусунда кыргызстандык жарандардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Тышкы иштер министрлигинин департаментинен кырсыктын чоо-жайын айтышты.
Андагы маалыматта 7-сентябрда Челябинск облусундагы М-5 трассасында кыргыз жаранынын башкаруусундагы Renault Logan унаасы каршы тилкеге чыгып жүк ташуучу унааны сүзгөн деп айтылат.
Жеңил унаада 6 адам болгон (ата-эне 4 баласы менен). Алар кыргыз жарандары. Айдоочунун аялы жана балдары Оштон Уфага келишкен. К.Ш. үй-бүлөсүн Уфа аэропортунан тосуп алып, баары унаа менен Нижневартовскко бара жатышкан.
"Жол кырсыгынын кесепетинен кыргыз жарандары жабыр тартып, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди. 7-сентябрда айдоочунун 12 жаштагы кызына операция жасалды, абалы оор деп бааланууда. Калган жабырлануучулардын абалдары канааттандырарлык, травматолгия бөлүмүндө жатат. Консулдук жабыркагандар менен байланышта болот", - деп айтылат маалыматта.