Түркиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келет
RU

Түркиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-мартта Кыргызстанга иш сапары менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу келет. Мындай маалыматты КРдин ТИМи билдирди.

Белгилүү болгондой, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери сүйлөшүп, стратегиялык пландаштыруу группаларынын бирдиктүү жыйыны өтөт. Андан тышкары Чавушоглу Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат.

Иш сапардын жүрүшүндө Түркиянын ТИМинин жетекчиси менен саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүүлөр болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/906