Караколдо айдоочу 6-жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал табылды
RU

Караколдо айдоочу 6-жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Караколдо айдоочу кичинекей кызды сүзүп качып кеткен. Бирок милиция кызматкерлери аны табышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБси маалымдады.

9-мартта болжол менен саат 09:30да Каракол ИИБсинин нөөмөт бөлүмүнө ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Аларга денесинин жабыркоолору менен 6 жашар кыз жеткирилип, учурда травматология бөлумүндө экендиги айтылган.

Ыкчам-тергөө тобу баланын апасын жана жол кырсыгынын күбөлөрүнөн көрсөтмө алып, өңү ак, "Фольксваген" үлгүсүндөгү унааны айдаган айдоочу жолдун чети менен бараткан кызды сүзүп, качып кеткенин аныкташкан.

Каракол шаары боюнча дароо "Перехват" планы киргизилип, шектелүүчүнү издөө иштери башталган. Натыйжада, Түп районунун Талды-Суу айылыны тургуну камакка алынып, ал 24-жаштагы К.А. экени аныкталды. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды.

Бул факт Каракол ИИБсинин КЖБРине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүу экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/920