Соцтрамакта көп балалуу үй бүлөлөргө жөлөк пул берилет деген маалымат тарады. Бул фейк
2158
Социалдык тармак жана WhatsApp аркылуу президент Садыр Жапаров үч баладан көп балалуу үй бүлөлөргө киреше булагы текшерилбей туруп, 3 000 сомдон жөлөк пул төлөнсүн деген жарлыкка кол койду, деген маалымат тарап жатат. Буга Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги комментарий берди.
Ведомство расмий түрдө жарыялайт, жогоруда айтылган маалымат жалган, жана чындыкка дал келбейт. Министрлик жарандардан туура эмес жана текшерилбеген маалыматты таркатпоону суранат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/962