Өзгөндө лицейдин 16 жаштагы окуучусу каза болду. Шектүү кармалды
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагында №62 кесиптик лицейдин 16 жаштагы окуучусу каза болду. Бул туурасында Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, 20-декабрда болжол менен саат 21:30да Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Куршаб аймактык ооруканасынан билдирүү түшүп, анда окуучунун каза болгондугу кабарланган.
Аталган маалымат Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган.
"20-декабрда болжол менен саат 20:30да №62 кесиптик лицейдин студенттери пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүнө караганда, 3-курстун студенти 17 жаштагы А. уулу М. Өзгөн районунун 16 жаштагы Э. К. аттуу жашоочусун муштуму менен көкүрөк жагына уруп жиберген. Экинчиси эс-учуп жоготуп, окуя болгон жерде каза болгон", - деп айтылат маалыматта.
Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Аталган кылмышка шектүү делген өспүрүм убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.