Өлкөдө дагы бир катар мектептер онлайн окутууга өттү
2821
Билим берүү жана илим министрлиги 17-январдан тарта Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар жабылгандыгын маалымдады.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, онлайн окутууга өткөн мектептер:
- Жалал-Абад облусу боюнча - 154 мектеп жана бала бакчалар;
- Талас облусунда - 3 мектеп;
- Чүй облусунда 14 мектеп;
- Ош облусунда биринчи класстын жана мектепке чейинки даярдоо класстардын окуучулары;
- Кара-Кулжада мектепке чейинки даярдоо класстарынын окуучулары.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/9961