Жакын арада Нарынга учак менен баруу мүмкүн болот. Курулуш иштери аяктоо алында турат
1501
Нарын облусунда иш сапары менен жүргөн Садыр Жапаров аэропорттун реконструкциялоо иштери менен таанышты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, "Нарын" аэробекетинин жаңы имаратынын курулушу аяктоо алында турат.
Садыр Жапаров "Нарын" аэропортунун реконструкциялоо иши менен таанышты. Сүрөт: Президенттин администрациясы

Анын айтымында, аэропорттун имараттары жана курулуштары 1964-жылы, жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон – 1974-жылы ишке берилген.
Ошондой эле ушул жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.
Президент Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, аларды талаптагыдай деңгээлде жүргүзүүнү жана долбоордун белгиленген мөөнөтүн так сактоону тапшырды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/10839