"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулдун көлөмүн көбөйөтүү сунушталды
RU

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулдун көлөмүн көбөйөтүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-октябрдан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары алчу жөлөк пулду көбөйтүү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзамга ылайык, муктаж болгон жарандарга ай сайын "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул дайындалат. Жөлөк пулдун бул түрү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Бүгүнкү күндө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулдун суммасы ар бир балага 1200 сомду түзөт. Калктуу конуштарда жашаган адамдарга райондук коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.

2024-жылдын 1-сентябрына карата "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган балдардын саны 263 миң 136 (76 443 үй-бүлө) түзөт. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, жөлөк пулдун көлөмү көбөйүшү керек. Буга байланыштуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 2024-жылдын 1-октябрынан тарта жөлөк пулду 25% жогорулатууну сунуштоодо.

Бул токтом долбоорун октябрь-декабрь айларында ишке ашыруу үчүн 1347,4 миллион сомго жакын каражат керектелет, ал Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин бюджетинен каржыланат.

Кийинчерээк бул документ коомдук талкуудан алынды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17398