Алтын-Ордо конушунда 20 жаштагы кыз дайынсыз жоголду. Жакындары жардам сурайт
1116
Сокулук районунда Бектур кызы Наргиза дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2003-жылы туулган Бектур кызы Наргизанын жакындары милицияга кайрылып, жардам сурашкан. Наргиза 13-мартта Сокулук районунун Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 145-150 см, көзү кара, чачтары кара кыска, арыкчырай.
Кийген кийимдери: башында гүлдүү кара жоолук, кара күрмө, кара түстөгү классикалык шым, бутунда кара кроссовка.
Бектур кызы Наргизанын жүргөн жери боюнча маалымат билгендер болсо кабарлап коюуну жакындары жана милиция өтүнүшөт.
Байланыш номерлери: 03134 5 33 80, 0558 86 14 86.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/10997