Call-борбор: "Сүттүн баасы түшүп жатат". Нааразы болгон тургундар президентке кайрылышты
Сокулук районунун тургундары Kaktus.kg сайтынын Call-борборуна кайрылышып, нааразычылыгын айтышты. Алар сүттүн баасы арзан болуп жатканын, мындан улам чыгымдары көп болуп жатканын белгилешти.
Аталган райондун Төрткүл айылынын тургундары прездентке, министрлер кабинетинин башчысына ары-муңун айтышты.
"Биздин көйгөй - сүттүн баасы. Күн жылыганда эле баасы түшөт. Кышкысын 1-2 сомго жогорулатып коюшат. Ушул көйгөйдү чечип берүүнү суранабыз. Учурда 1 литр сүттү 31 сомдон алышат. Бул акчага эч нерсе келбейт, дүкөндөгү 1 бөтөлкө суу да келбейт. Айылда мал чарбасы менен алектенип, сүттү сатып оокат кылабыз. Жем, чөп кымбат. Уйлар азыр жегенин актабайт", - дейт тургундардын бири.
Ал кошумчалагандай, митингге чыгып, ызы-чуу кылуунун зарылчылыгы жок.
Дагы бир тургундун айтымында, жакында сүттүн баасы дагы түшөт экен.
"Бааны дагы түшүрөбүз деп жатышат. Биз Ак Үйгө барбай эле видео аркылуу кайрылып жатабыз. Ушул маселеге көңүл бөлүп, карапайым элди карап коюңуз. Бир бааны коюп бериңиз. Бул биздин эле айылдын көйгөйү эмес, Кыргызстандагы көйгөй", - дейт.