Азия чемпионаты: Үзүр Жузупбеков күмүш медаль тагынды
2046
Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмакта кыргыз балбаны Үзүр Жузупбеков күмүш медаль тагынды.
Финалдык беттеште ирандык балбан Мехди Балихамзехде Үзүр Жузупбековду калыстардын чечими менен жеңип алды.
4:4 эсебинде тең келе жатып, иран балбаны кыргызстандык спортчуну сүзүп алып, бирок калыстар упайды Мехди Балихамзехдеге беришти.
Интернет колдонуучулар кыргыз калыстар акыйкатсыз чечим чыгарды деп жазып жатышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/11507