Жол кырсыгына кабылган балдардын ата-энелери: Go Bus балдардын абалын сурап койгон жок
RU

Жол кырсыгына кабылган балдардын ата-энелери: Go Bus балдардын абалын сурап койгон жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кырсыгына кабылган балдардын ата-энелери Go Bus кызматы балдардын абалын сурап койгон жок деп нааразычылыктарын билдиришүүдө. Бул тууралуу кырсыктын кесепетинен ооруканада жаткан 1-класстагы окуучунун апасы - Надира Тургунова билдирди.

Ал баласы эсине келгени менен түшүнүксүз сөздөрү сүйлөп жатканын айтты.

"Балам балалык кылып жарыкта ойноп жүрөт. Бирок кеч киргенде ыйлап, "кагаз жейм, саатты чайнайм" деген сындуу түшүнүксүз сөздөрдү айтып, чыр салып жатат. Башында мени - апасын дагы тааныган жок. Азыркы абалына абдан кооптонуп жатам. Дарыгерлерге айттым, бирок алар так жообун - диагнозун айтыша элек", - деди ал.

Бул маселе боюнча Kaktus.kg №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановго байланышканда, ал балдардын абалы дарыгерлердин тыкыр көзөмөлдө экенин айтып, сегиз баланын башs текшерилип жатканын билдирди. Бирок жети балада ата-энелери корко турчу жагдай жок.

"Эми ата-энелердин сарсанаа болуп жатканынын жөнү бар. Алардын балдары да. Бирок балдар ооруканага келип түшкөндөн баштап биздин дарыгерлер ар бир балага тыкыр көзөмөл кылып жатат. 16 баланын абалы жакшырып, алар чыкты. Сегиз баланын бирөөсүнүн абалы оор. Калганынын ден соолугу канаттандырарлык. Башында шишик жок. Кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болуп калбасын деп томографиядан кошумча өткөрүп жатабыз. Кам санабай эле коюшса болот. Ата-энелер деген дарыгер эмес да", - деди башкы дарыгер.

Go Bus балдардын абалынан кабар алган жок

Надира Тургунова баш болгон, кырсыктаган балдардын ата-энелеринин айрымдары Go Bus күнөөлүү экенин билип туруп, балдардын ден соолугунан кабар алып коюшкан жок деп нааразычылыктарын айтышты.

"Айыл өкмөт, Лесное айылынын тургундары бизге моралдык дагы, материалдык, финансылык жардамдарын берип жатышат. Алардын баарына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. А бирок Go Bus компаниясынын жетекчилиги балдардын абалын сурап койгон жок. Негизи кырсыкка алар күнөлүү да. Имиштерди угуп жатабыз, эки автобус берди деген, бирок, ал компаниянын жетекчилиги бизге байланышка чыгып же ооруканага келген жок. Балдардын ден соолугу ата-энеге керек, бирок күнөөлү тарап эмнеге бир сурап койбойт? Кудай сактады, бирок балдар каза болуп калса эмне болмок?", - деди Надира Тургунова

Бул жагдай боюнча экинчи тарап - Go Bus менен байлашка чыкканыбызда, жетекчили ккийинчерээк комментарий берет деп убадалашты. Азырынча байланышка чыгыша элек. Kaktus.kg редакциясын экинчи тараптын пикирин дагы угууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/11790