11 анализ акысыз болот. Саламаттык сактоо министри мамлекеттик лаборатория ачыларын айтты
Жогорку Кеңештин 29-майындагы Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн 35 миллион доллар гранттын эсебинен элге арзан баада, кошумча наркы жок анализ тапшыруучу лабораториялар ачылабы деген суроону Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатыровага узатты.
Министр Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн 35 миллион доллар грантка жеке менчик лабораториялар сыяктуу мамлекеттик лабораториялар ачыла турганын айтты.
Ал жайларда 11 анализди бекер тапшыра ала тургандай шарт түзүлөрүн кошумчалады.
"Ошол жеке менчик клиникалардагы лабораториядай мамлекеттик лабораториялар болот. Бүт бары жеке-менчик жайлардагыдай шарт менен, бейтаптын анализинин жыйынтыгы электрондук түрдө телефонуна келе тургандай кылабыз. Ал жерде мамлекеттик кепилдик программасы боюнча анализдин 11 түрү акысыз алынат", - деди министр.