Жалал-Абадда сүрөткө түшүп жатып сууга агып кеткен жарандын сөөгү табылды
1307
Жалал-Абадда 40 жаштагы жаран суунун боюнда сүрөткө түшүүгө аракет кылып жатып агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 10-июнда Итагар жайлоосуна 3-4 үй-бүлө эс алууга келишкен. 40 жаштагы жаран сүрөткө түшөм деп жатып, таштын үстүнөн сыйгаланып агып кеткен.
Куткаруу иштерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылган. 11-июнь күнү сөөгү табылып, РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/12878