Караколдо ойногонго чыккан 5 жана 2 жаштагы кыздардын сөөгү табылды
2063
Каракол шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан 2 кичинекей кыздын жансыз денеси табылды. Бул туурасында бүгүн, 7-июлда ӨКМдан кабарлашты.
Маалым болгондой, 6-июлда 5 жаштагы Н.Р. жана 2 жаштагы Н. Р. аттуу кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткен.
Кыздарды издөөгө 5 куткаруучу, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылган.Бүгүн, 7-июлда саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан 2 кыздын сөөгү чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/13281