Жүргүнчү салып жатканда сүзгөн. Ак-Ордодогу жол кырсыгы боюнча милиция маалымат берди
Ак-Ордо-3 конушунда жүргүнчү ташыган маршруттук такси менен жүк ташыган унаанын катышуусундагы кырсык тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымат берди.
Такталгандай, кырсык бүгүн, 19-июлда саат 07:50 чамасында Ак-Ордо-3 конушунун Элмирбек Иманалиев көчөсүндө катталды.
Анда эл ташыган №169 кичи автобус түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан. Айдоочу жолдон жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда SCONIA R-124 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа артынан сүзгөн.
"Кырсыктын кесепетинен бир жүргүнчү Сокулук аймактык ооруканасына жеткенде каза болуп калды. Андан тышкары 6 жаран ар кандай жаракаттары менен Сокулук аймактык оорукансына кайрылды", - дешти мекемеден.
Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу ылдамдыкты ашырбаганын, жай эле айдап бара жатканын айткан видео тарады.