Бир күн мурда иш таштаган троллейбустун айдоочулары каттамга чыгышты
897
Бишкекте 11-августта троллейбустун айдоочулары маянаны көтөрүү талабын коюп, иш таштаган. Бүгүн, 12-августта айдоочулар жумушка чыгышты.
Тема боюнча:
Маалым болгондой, саат 08:00дө Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкулов "Бишкек троллейбус башкармалыгынын" айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүдөн кийин иш таштаган айдоочулар кайра жумуштарына чыкмай болушту.
Белгилей кетсек, айдоочулардын айлык-маяналары 50 миң сом болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/13911