Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор долбоордук линияны сыпаттоо ишин улантат
Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен маалымдашты.
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин улантышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара райондорунун ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөө, ошондой эле чек ара облустары менен эки мамлекеттин райондорунун ортосундагы кызматташуу боюнча активдүү иштерди улантуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.