Алайда айылдашынын колунан 18 жаштагы жигит каза тапты
Алайда 18 жаштагы жигит агасына болушам деп каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымдады.
Окуя 3-ноябрда болгон. Анда Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагында 2005-жылы туулган С. уулу Ж. бычакталып, каза болгон. Анын бир тууган агасы денесинен оор жаракат алып Сопу-Коргон айылдык ооруканасына кайрылган.
Такталгандай, 1994-жылы туулган С. уулу Ч. менен 1992-жылы туулган А. уулу А. пикир келишпестиктен улам урушуп кетишкен. Натыйжада С. уулу Ч`нын башы жарылып үйүнө барган. Ал болгон окуяны инисине айтып берген. Иниси агасын урган айылдашын үйүнө барганда экинчиси үйүнөн бычак алып чыгып, ичине сайып жиберген. С. уулу Ж. алган жаракатынан улам каза болгон.
Шектүүнүн унаасы айып короого токтотулуп, өзү Алай РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык.