"Айт-Айт десе", "ПолитКлиника", "Арча медианын" журналисттеринин үйлөрүнө тинтүү жүрүүдө
Бүгүн, 16-январда эртең менен укук коргоо кызматкерлери журналисттердин үйлөрүн тинтүү жүргүзүүгө келишти.
Тинтүү "Айт-Айт десенин" директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызынын үйүндө жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Темиров түз эфирдеги Telegram каналында маалымдалды. Милиция эртең менен эрте келгени айтылууда.
Таңкы 8:20дан тарта Акын Азамат Ишенбеков менен "ПолитКлиника" басылмасынын кызматкери Тыныстан Асыпбековдун үйлөрүнө тинтүү жүрүп жатат.
Белгилүү болгондой, Ишенбеков менен Айт-Айт гезитинин журналисти Сапар Акунбеков кармалып, ИИМге жеткирилген.
8:26да "Арча Медиа" кызматкери Сайпидин Султаналиев кармалганын басылманын жетекчилиги билдирди.
Эске сала кетсек, кечээ, 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү иштери болгон. Бүгүн сайтка кирүү кыйынчылык жаратты. Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, бөгөт коюу боюнча эч кандай көрсөтмө түшкөн эмес.
Саат 8:59га карата 24.kg маалымат агенттигинин сайты кайрадан иштей баштады.