Таласта мал кайтарууга мажбурланган деген баланын окуясы боюнча милиция маалымат берди
RU

Таласта мал кайтарууга мажбурланган деген баланын окуясы боюнча милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта 7 жаштагы бала ээн талаада мал кайтарып жүргөнү тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. Видеонун автору баланын атасы аны Казакстандын чек арасына жакын жерге жалгыз таштап кеткенин, кийими жок, каткан нан жеп жүргөнүн айтат.

Автор белиглегендей, бул көрүнүш Айтматов районуна караштуу Шекер айылында тартылган. "Баланын атасына кайрылышса, "коркпойт" деп коюптур. Атасы ушинтип баласын кордоп жатат", - деген видеодогу жаран.

Интернетке тараган видео качан жана ким тарабынан тартылганы белгисиз.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына окуя териштирилип, айрым жагдайлары такталганын маалымдашты.

"Жерине Айтматов РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган. Кой кайтарып жүргөн бала 2014-жылы туулгандыгы, Арчагул айылындагы мектепте окуй тургандыгы такталды. Арчагул айылынан болжол менен 20-25 чакырым алыстыктагы мал сарайда кой кайтарып жүргөн бала таэнеси менен кошо жашаганы аныкталды", - дешет башкармалыктан.

Учурда балага карата жасалган мамиле боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Окуяга катыштыгы бар жарандар, анын ичинде видеого тарткан жаран дагы Айтматов РИИБине жеткирилгени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16849