Президент Талас шаарынын мэрин облус башчы кылып дайындады
RU

Президент Талас шаарынын мэрин облус башчы кылып дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр өзүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Эрмат Жумаевди дайындады. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Эрмат Жумаев президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык ал Талас шаарынын мэри кызматынан бошотулду.

Белгилесек, Эрмат Жумаев Каракол шаарынын мэри болуп, 2023-жылдын май айында Талас шаарына мэр болуп келген. Ал эми Талас облусунун башчысы Нурдан Дарданов 31-июлда ээлеген кызматынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16853