Токмокто дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды
RU

Токмокто дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарында дайынсыз жоголгон тургундун жансыз денеси табылды. Бул туурасында Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, 30-июлда 1972-жылы туулган Д.Т.нын туугандары милицияга кайрылышкан. Айтымдарында, жакыны 28-июль күнү саат 08:30дар чамасында Токмок шаарында жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон.

Бул факты Токмок ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

5-августта саат 15:00 чамасында Токмок шаарындагы Дунларов көпүрөсүнүн астынан аялдын жансыз денеси табылган.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16879