Ысык-Көлдө 16 турак үйдү сел каптады
RU

Ысык-Көлдө 16 турак үйдү сел каптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл районунун аймагында 11-августта сел жүрүп, 10дон ашык турак үйдү каптаган. ӨКМнын маалыматына ылайык, сел көпүрөнү да агызган.

Чолпон-Ата шаарынын Тогуз–Булак тилкесинде 4 турак үйдү, ал эми Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып, 9 турак үйдү сел суулары каптаган. Ошондой эле Булан-Соготу айылында 1, ал эми Бостери айылында 3 турак үйгө суулар кирип, "Кооператив строитель" Бостери дачасына бара турган жолдогу ички чарбалык жолду жана көпүрөнү суу агызып кеткен.

Жалпысынан болжол менен 16 турак үйдү суу каптап, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызган.

Жеринде 40 куткаруучу, 3 мотопомпа иштеп жатат. Ысык-Көл районунун Жарандык коргоонуу кызматтарынан жалпы 60 адам, Чолпон-Ата шаарыдык мэриясы тарабынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16948