Олимп оюндарына катышкан ар бир спортчуга унаа, акчалай сыйлык тапшырылды
RU

Олимп оюндарына катышкан ар бир спортчуга унаа, акчалай сыйлык тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-августта, Бишкекте президент Садыр Жапаров Парижде өткөн Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга жана байге ээлерине акчалай сыйлыктарды жана унааларды тапшырды.

Күмүш байге ээлери:

  • Мээрим Жуманазарова, кыз-келиндер күрөшү - 10 млн сом жана унаа;
  • Мунарбек Сейитбек уулу, бокс - 10 млн сом жана унаа.

Коло медаль ээлери:

Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү - 7 млн сом жана унаа;

Үзүр Жузупбеков, грек-рим күрөшү - 7 млн сом жана унаа;

Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү - 7 млн сом жана унаа;

Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү- 7 млн сом жана унаа.

Олимпиада курама командасынын мүчөлөрү:

Айпери Медет кызы, кыз-келиндер күрөшү, 5 орун - 1 млн сом жана унаа;

Айаал Лазарев, эркин күрөш, 5-орун - 1 млн сом жана унаа;

Бекзат Алмаз уулу, эркин күрөш, 5-орун - 1 млн сом жана унаа;

Амантур Исмаилов, грек-рим күрөш, 5-орун - 1 млн сом жана унаа;

Айбек уулу Кубанычбек, дзюдо (1/16 финалында утулган) - 500 миң сом жана унаа;

Елизавета Печерских, сууда сүзүү (30 орун) - 500 миң сом жана унаа;

Эрлан Шеров, дзюдо ( 1/8 финалында утулган) - 500 миң сом жана унаа;

Эрназар Акматалиев, эркин күрөш (1/16 финалында утулган) - 500 миң сом жана унаа;

Денис Петрашов, сууда сүзүү (100 метр брасс боюнча – 23-орун, 200 метр брасс боюнча– 14-орун) - 500 миң сом жана унаа.

Ошондой эле, спортчулардын ар бир жеке машыктыруучусу, биринчи машыктыруучу, улуттук кураманын машыктыруучуларына жана дарыгер, массажисттеринин ар бирине акчалай сыйлыктар тапшырылды. Алсак, Жоламандын жеке машыктыруучусу Хаким Махмудовго 6 млн сом тапшырылды.

Эске салсак, Парижде өткөн жайкы Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу барган. Алар, Кыргызстандын тарыхында алкачкы жолу рекорддук 6 медаль алып келишти. Анын экиси күмүш болсо, төртү коло.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16973