Балбан Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнөт
RU

Балбан Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнгөнү жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-августта маалымат жыйынында билдирди. Kaktus.media редакциясынын Жоламандын ата-энеси жакын арада тойго даярдап жатканы чынбы деген суроосуна ал "ооба" деп жооп берди.

"Ооба. Кудайым буюрса быйыл үйлөнөм", - деп жооп берди балбан.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын үч жолку чемпиону, 2020-жылкы Олимпиаданын катышуучусу, ошондой эле башка эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү. Парижде өткөн Олимпиадада коло медалга ээ болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16974