"Бүгүнтөн баштап даярданам". Акжол Кыргызстан алтын албай калганына өзүн күнөөлөдү
RU

"Бүгүнтөн баштап даярданам". Акжол Кыргызстан алтын албай калганына өзүн күнөөлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күрөшкөн балбан Акжол Махмудов Олимпиадада алтын албай калганы үчүн өзүн күнөөлүү сезип жатканын айтты. Ал бул тууралуу спортчуларды расмий тосуп алуу жана сыйлоо аземинде билдирди.

"Эл күткөн алтынды алып келе албай, өзүмдү күнөөлүү сезип жатам. Кийинки Олимпиадага бүгүнтөн баштап даярданып, эмки Олимпиадада алтын тагынып келем деп сөз берем", - деди ал.

Эске салсак, балбан Акжол Махмудов 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиадада финалга чыгып, күмүш байгеге ээ болгон. Быйыл Париждеги Олимп оюндарында коло байге алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16976