Айсулуу Тыныбекова: Коло медалга чыгарда "6 мүнөткө чыдап кой" деп денемди алдадым
RU

Айсулуу Тыныбекова: Коло медалга чыгарда "6 мүнөткө чыдап кой" деп денемди алдадым

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн беттешке бир күн калганда денесин алдоого аракет кылганын, чарчаганына карабай болгон аракетин жумшаганын айтты. Ал маалымат жыйында Олимпиданын коло байгесин алгандагы эмоциялары менен бөлүштү.

"Килемдин үстүндө ушундай чарчаптырмын... Мен күрөшө турган экинчи күнгө өзүмдү жыйнап, оюмду жыйнап... Отуруп алып тизем, жалпы денем менен сүйлөшүп, "6 мүнөткө чыдап коёлу" деп, алдап жаттым. Ал учурда мен абдан чарчап калгам.

Бардыгы айтышты жыйынтык кылабы, борцовкасын чечеби деп... Бирок ал учурда мен чарчагандыктан эч кандай деле ой болгон жок. Медалга жеткенибизге ыраазы болуп эле аттым. Азыр да чарчап турам. Мен ойлойм, бир айбы, үч айбы же жарым жылбы мага убакыт керек. Мен өзүм ойлонушум керек. Мен өзүм эс алып алгандан кийин туура жооп айта алам", - деди балбан кыз.

Эске салсак, кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмактагы балбан Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиадада коло байге алды. Ал Токиодогу Олимп оюндарында күмүш медаль тагынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16990