Жоламан Шаршенбеков Олимпиадада спортчулардын тамагында маселе болбогонун айтты
RU

Жоламан Шаршенбеков Олимпиадада спортчулардын тамагында маселе болбогонун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык спортчулардын талкуу жараткан тамак-ашы тууралуу видеого Жоламан Шаршенбеков комментарий берди. Анын видеосун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарыялады.

"Париж Олимпиадасында тамак-аштан эч кандай маселе болгон жок. Биз менен барган дарыгерлерибиз шорпо жасап, бөпөлөп жатышты. Бирок туура эмес видеолор да тарап кетти. Ал кадр Кыргызстанда өткөн Азия чемпиондугунда тартылган. Анда ар бир спортчу өзүнө жаккан тамактарын алып, беттешке чейин кийим алмаштыруучу жайга барып жегенбиз. Ошол видеону Олимпиадада тартылган деп киргизип жатышат. Бул жаңылыштык", - деди ал .

Буга чейин соцтармактарга кыргызстандык спортчулардын кийим алмаштыруучу бөлмөдө тамактанып отурган видеосу тарап, кызуу талкуу жаралган. Бирок ал видео Олимпиадада эмес Бишкектеги чемпионатта тартылганын, маданият министринин орун басары Марат Тагаев видео менен көрсөткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17002