Стереотип камтылбаган окуу китептер. Бул үчүн Кыргызстанда эмне кылып жатышат?
RU

Стереотип камтылбаган окуу китептер. Бул үчүн Кыргызстанда эмне кылып жатышат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыныстык, улуттук, жаш курактык, социалдык - бул адамдар кабылган стереотиптердин айрымдары гана. Алар башка адамдарды кандай болсо, ошондой кабыл алууну кыйындатат. Стереотиптер адамдын өз мүмкүнчүлүктөрүн кабыл алуусуна тоскоол болот.

Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да мектептеги окуу китептерде – стереотиптик көз караштарды жаңы муундардын аң-сезиминде бекемдеген ишенимдер тираждап басылат.

Көптөн бери бул маселеге көңүл бурулбай келген. Бул маселе азыр кандай чечилип жатканы жана процесстин бардык катышуучулары бул тууралуу кандай ойдо экени Kaktus.kg төмөнкү макалада баяндалат.

Алгач, мектептеги окуу китептеринен бир нече сүрөттөрдү келтирели.

"Эгер сиз бул сүрөттөрдү карап көрсөңүз, анда гендердик ролдордун өтө чоң бөлүнүшүн көрөсүз", - дейт гендердик адис Бактыгүл Исламбекова. "Эркектердин жана балдардын активдүү ролдору көп: алар сууда сүзүшөт, футбол ойношот жана башка. Кишиде "балдардын гана бош убактысы бар, кыздар көбүрөөк үй жумуштары менен алектенет" деген ой келет. Китептерде балдардын апасы көбүнчө үй кожойкеси катары көрсөтүлөт. Ал эми атанын кесиби бар, жумушка барат" деген ой калыптанып калышы мүмкүн".

Маалымдама

Кыргызстандын мыйзамдарында жана эл аралык милдеттенмелерде билим берүүдөгү гендердик стереотиптердин алдын алуу боюнча талаптар камтылган:

  • Кыргызстандын Конституциясынын 31-беренесинин 4-бөлүгүндө улуттук, этностук, расалык, диний кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды пропагандалоого, басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырууга тыюу салынган;

  • Кыргызстан тарабынан ратификацияланган милдеттенмелер бар: Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу боюнча БУУнун Конвенциясынын (CEDAW) 10-беренесинен келип чыккан "биргелешип окутууну илгерилетүү аркылуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде жана бардык формаларында эркектер менен аялдардын ролу жөнүндөгү стереотиптик концепцияны жок кылууну. Ушул максатка жетишүүгө көмөктөшүүчү окутуунун башка түрлөрү, атап айтканда, окуу куралдарын жана мектеп программаларын кайра карап чыгуу. Окутуу ыкмаларын адаптациялоо аркылуу камсызкылууну талап кылат…";

  • CEDAW14 комитетинин сунуштары: "кыздардын орто жана жогорку окуу жайларында салттуу эмес предметтер боюнча окуусу үчүн терс стереотиптерди жана структуралык тоскоолдуктарды жоюуга артыкчылык берүү жана кыздар менен алардын илим жана техника сыяктуу салттуу эмес кесипти тандоосу боюнча кеңешүү", "аялдардын ролун кабыл алуудагы ар кандай стереотиптерди жок кылуу үчүн мектеп окуу китептерин жана окуу программаларын талдоо боюнча аракеттерди активдештирүү", бардык колдонуудагы окуу китептерин жана окуу программаларын гендердик көз караштан талдоо жана бардык жаңы окуу китептерин, окуу программаларын, орто билим берүү тармагында системалуу түрдө кайра карап чыгуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү";

  • Ар башка жыныстагы адамдарга карата ишмердиктин кандай гана чөйрөсүндө болбосун тикелей жана кыйыр гендердик басмырлоого тыюу салуучу Кыргыз Республикасынын "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын 5-беренеси;

  • Бирок, билим берүү системасында окуу материалдарына гендердик экспертизаны иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн мыйзамдык база жетишсиз болгон. Алардын мазмунун гендердик стереотиптердин жана басмырлоочу мамилелердин бар-жоктугун текшерүү зарылчылыгы ушундан улам келип чыккан.

2016-жылы Кыргызстанда ар кандай стереотиптердин бар-жогу боюнча окуу китептерин талдоо боюнча эксперттик иштер башталган. Ошондо 1-класстан 11-класска чейин окуган балдардын 40ка жакын окуу китептери тандалып алынган. Атайын көрсөткүчтөрдүн негизинде мазмуну жана визуалдык бөлүктөрү бааланган.

"Талдоо жүргүзүүдө биз социалдык жана гуманитардык чөйрөдөгү окуу китептерин тандап алдык", - дейт жумушчу топтун мүчөсү Татьяна Матохина окуу китептеринин гендердик жана дискриминацияга каршы экспертизасы боюнча топтун мүчөсү, мамлекеттик жана предметтик стандарттарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, гендердик экспертизадан өткөн окуу китебинин автору. - Эмне үчүн? Анткени, тарых, адам жана коом, адабият, тил окуу китептери биз жаштардан көргүбүз келген баалуулуктарды көбүрөөк берет. Ошол убакта бир дагы окуу китеби оң баа албаганына таң калдык".

Мисалы, тарых окуу китептеринде эркектер катышкан үзгүлтүксүз согуштар сүрөттөлөт. Ошондон улам, биз орто кылымда жашабай эле дайыма согушуп эле жүргөндөй ой калыптанат. Бизде маданият жок, өнүгүү жок, кол өнөрчүлүк жок дегендей. Такыр тынч заман болбогондой.

Бул иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарандык коомдун гендердик эксперттери, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (ЕБ, ЮНИСЕФ, БУУнун өнүктүрүү программасы, БУУнун Аялдар структурасы, БУУ КЖКБ) менен биргеликте окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди дискриминацияга каршы гендердик экспертизадан өткөрүүнүн методикасы иштелип чыккан. Ал текшерилип, экспертиза жүргүзүүнүн тартиби, экспертизаны жүргүзүү үчүн эксперттердин тизмесин түзүү тартиби бекитилген. (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 1096/1 буйругу).

Маалымдама

Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, бардык окуу китептери, окуу-методикалык комплекстер (жумуш дептерлери, мугалимдер үчүн окуу куралдары) төрт түрдүү экспертизадан өткөрүлөт. Ошондон кийин гана окуу китептери басылып чыгат. Андан кийин мектептерге таркатыла баштайт.

Мунун эмне кереги бар

Татьяна Матохина мектепке чейинки балдар үчүн материал даярдоо менен алектенет. Ал балдар кандай ойноп жатканын көрүү үчүн бала бакчаларга барган. Матохина эрте жашта да гендердик бөлүнүүлөр ачык көрүнөөрүн белгиледи:

"Мен байкаганым: ал жерде кыздар үчүн, анан өзүнчө балдар үчүн атайын аянтчалар бар. Мисалы, балдар унаа менен гана ойношот. Кыздарда дайыма куурчак, коляска, ашкана идиштери болот. Балдарды чогуу ойнотолук деп аларды аралаштырсак кыздар ошол замат унаалар менен ойноп башташты. А бирок, балдар оюнчук колясканы колго камоодон да баш тартышты. Мындай шартта чоң кишилер чогуу балдарды тарбиялоону жана үй чарбачылыгын жүргүзүүнү кантип жакшы кабыл алышы мүмкүн? Керек болсо айрым айымдар: "Ой, менин ушундай жакшы күйөөм бар. Ал мага балдарды тарбиялоого жардам берет" дешет. "Жардам берет" деген эмне? Ал анын да жумушу эмеспи? Бул ата-энелик жоопкерчилик, милдет жана аны тең бөлүшүү керек".

Бактыгүл Исламбекова статистикалык маалыматтарга таянып, бекер үй жумуштары аялдардын мойнунда экенин эске салат. Алар үй жумуштарына күнүнө орточо 4,5 саат коротушат. Бул эркектерге караганда 70% көбүрөөк.

"Кыз болсоң тырышчаак болушуң керек. Үй-бүлөдө кыз болсо, үй-тиричиликтин милдети кыздын мойнуна жүктөлөт" деп көп айтышат. Албетте, анын өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн бош убактысы жок болуп калат. Ал мектептен кийин үйгө келип, тамак жасап, кир жууп, үй тапшырмасын аткарышы керек. Андан соң окуу китептеринен "кыз үй-тиричиликти кылышы керек" деген сыяктуу сүрөттү көрсө, ошол нерсе анын мээсине калыптанып калат".

Гендердик теңсиздик гана эмес

Белгилей кетсек, мындай экспертизада окуу китептер гендердик шкала боюнча гана бааланбайт.

Маалымдама

Антидискриминация жана гендердик экспертиза – бул терс стереотиптердин көрүнүшүнө, гендердик негизде адамдарды тике жана кыйыр басмырлоого өбөлгө түзгөн иллюстрацияларды же жоболорду аныктоо максатында мугалимдер үчүн окуу китебинин, окуу материалдарынын мазмунуна жана дизайнына, расасы, тили, майыптыгы, улуту, дини, жашы, саясий же башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, башка жагдайларга жүргүзүлүүчү экспертиза.

"Окуу китептерин талдоодо биз абдан чоң географиялык бөлүнүүнү байкадык", - деп белгилейт Бактыгүл Исламбекова. - Эреже катары, биздин калкыбыздын 60% айыл жеринде жашашат. Эгер улгайган адамдарды карасаң, алар дайыма окуу китептеринде ушунчалык алсыз, өтө пассивдүү ролдордо көрсөтүлөт. Аларды активдүү кылып көргөзүү өтө сейрек кездешет. А бирок, чыныгы жашоодо пенсия курагындагы бир топ адамдар иштеп, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп келишет. Ошондуктан, бул гендердик жана дискриминацияга каршы экспертизаны институционалдаштырууну киргизүүнүн эң негизги максаты – бул структуралык теңсиздиктин гендердик маселелерде гана эмес, башка маселелерде да чагылдырылышын алып салуу. Чынында эле Кыргызстан көп улуттуу өлкө болгонуна карабай окуу китептеринен моноэтникалык маданиятты гана көрүүгө болот".

Майыптыгы бар адамдар да көпчүлүк окуу китептеринде көрсөтүлгөн эмес.

"Алар жөнүндө билим берүү чөйрөсүндө айтылбайт. Бул адамдар биздин коомдо жоктой мамиле кылышат. Ошондуктан балдар көчөдө, мектепте, бала бакчада майыптыгы бар адамдарга жолугуп калганда түшүнбөстүктөр пайда болуп, алардан качышат. Балдар аларга кандай мамиле кылууну билбегендиктен өздөрүн жаман сезишет. Ошондуктан бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратат", - дейт Бактыгүл Исламбекова.

"Кутаалам" басмасынын көркөм редактору Нургүл Токтомамбетова окуу китептериндеги иллюстрациялар жөн гана тексттин визуалдык коштоосу эмес экенин баса белгилейт:

"Иллюстрациялардын белгилүү бир милдеттери бар. Ал тургай өз алдынча элементи болуп саналат. Биринчиден, алар маалыматты визуализациялоо болуп саналат. Диаграммалар жана чиймелер балага кээ бир абстрактуу нерселерди түшүндүрүп, үйрөнүүгө жардам берет. Баланын кызыгуусун ойготуу жана аны арттыруу үчүн текст сүрөт менен берилет. Окуу китептердеги сүрөттөргө көркөм баалуулугу, кандайдыр бир деңгээлде ачык, кооз жана кызыктуу болгондугу үчүн эмес, белгилүү бир маалыматты алып жүргөнү үчүн көңүл бурулат".

Нургүл Токтомамбетова адатта авторлор дайыма сүрөтчүлөр менен түз иштешет дейт:

"Биздин жогорку окуу жайларда мектептеги окуу китептерге иллюстрацияларды тартуу боюнча адистерди даярдай турган өзүнчө багыт жок. КМТУда "Полиграфия" кафедрасы бар. Ал жерде басмакана адистерин даярдашат. Басмаканалар дайыма сүрөтчү издешет. Мен ар кандай сүрөтчүлөрдүн иш-чараларына көп барганым үчүн, бул багытты байкап турам. Биз сүрөтчүлөрдү кызматташууга чакырабыз. Анан жарнама беребиз. Бизде эч кандай штаттагы иллюстратор жок. Ар бир окуу китеби үчүн бир иллюстраторду тартабыз жана аны менен белгилүү бир сандагы чыгармаларды түзүү үчүн келишим түзөбүз. Алар мектепте китеп басып чыгаруунун өзгөчөлүгүн түшүнгөн сүрөтчүлөр".

Көркөм редактор, албетте, дагы бир экспертизанын пайда болушуна байланыштуу иш көбөйгөнүн белгилейт. Бирок, жалпысынан алар гендердик экспертизанын талаптарына жакшы мамиле кылышат.

"Биз окуу китептерин түзөбүз жана кандай гана иш болбосун кайра карап чыгууну талап кылаарын түшүнөбүз. Ал эми окуу китептери жөнүндө сөз болгондо, сен ишти жасап, аны тапшырып, ошол бойдон унутуп кете албайсың. Бирок биздин дээрлик бардык окуу китептерибиз эч кандай кыйынчылыксыз экспертизадан өтөт", - деген Нургүл Токтомамбетова айрым маселелер дагы эле талаш-тартыштарды жаратып жатканын баса белгилеп жатып.

"Көбүнчө бул үй турмушунун элеси. Бирок биз ар дайым салттуу баалуулуктарды жана менталитетти эске алабыз. Ким эмне дебесин, биз жашап жаткан реалдуулукту эске алышыбыз керек. Анткени бала окуу китебиндеги маалыматты өзүнө көчүрүп, сиңирип алат. Анын айланасында жашоо кандай жүрүп жаткандыгы менен бизде улуу муундарды урматтоо абдан маанилүү. Ошондуктан биз бул тарбиялык милдетти иллюстрациялар аркылуу жеткирүүбүз керек. Кээде, айрым нерселерди толуктоого, өзгөртүүгө туура келет. Айрым учурда, сүрөтчүлөр, авторлор ал эскертүүлөрдү эске албай, бирок сүйлөшүүнүн негизинде бир чечимге келебиз. Ортодогу балансты таба алабыз", - дейт Токтомамбетова.

"Аркус" басма үйүнүн маалымат-методикалык борборунун директору Евгений Терентьев жеке өзү үчүн мындай экспертиза маселесине көз карашы башкача. Ал окуу китептери гендердик теңчиликти чагылдырышы керек дегенге кошулат. Бирок, ал бул өтө кеңири түшүнүк экенин белгилейт.

"Көпчүлүк учурларда биз бул түшүнүк менен эркектердин да, аялдардын да, майыптыгы бар адамдардын да, бардык улуттардын өкүлдөрүнүн тең укуктуулугун, бирдей мүмкүнчүлүктөрүн, жашоонун ар кандай жыргалчылыкка бирдей жетүүсүн түшүнөбүз. Бул багытта теңдик жана антидискриминация туура жана эч кандай шек жаратпайт. Ар бир адам жынысына, улутуна жана жашына карата куугунтукка алынбастан бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек", - деп баса белгилейт Евгений Терентьев.

Бирок, ал өзүнүн тажрыйбасына таянып, экспертизанын методологиясы эркектер менен аялдардын ортосундагы чек араны өчүрүп жатат дейт:

"Бизге стереотиптерди бузуу керектиги тууралуу пикирлер айтылат. Кээде аялдык назиктик стереотип катары каралып калат. Же тескерисинче. Ошол учурда бизге кээде ушундай мүнөздөгү комментарийлер келет: Бул каарман аябай эле эркекти сыпаттагандай, аны өзгөртүү керек деп. Биз, мисалы кандайдыр бир баатырды сүрөттөп жатабыз дейли. Аны жакшы булчуң массасы бар, соот кийген жана жоокерге окшош кылабыз. Бирок эксперттердин айтымында, бул таптакыр туура эмес жана жоокер, мисалы, аял болушу мүмкүн. Адистер, бул убакта эркек өзүнүн жоокер аялын күтүп, үйүндө отуруп алып идиш жуушу мүмкүн деп коюшат. Ал эми бул стереотиптерди бузуу деп аталат. Мына, дагы бир мисал: Кызгылт көйнөк кийген кыз куурчактар ​​менен ойноп жаткан сүрөт тартылып турат. Бирок бул иллюстрация эксперттер арасында суроолорду жаратышы мүмкүн: "Эмне үчүн бул стереотиптик образ?", "Эмне үчүн ал кызгылт көйнөкчөн?", "Ал куурчак менен ойноп отурабы?", "Сиздер үчүн кыздар үй кожойкеси эле болгонго даярданып, куурчактарды ойноп, идиш эле жуушу керекпи?".

Анын гендердик тең салмактуулук боюнча да суроолору бар.

"Тарыхка көз чаптырсак, Менделеев эркек, Бутлеров эркек болгон. Химия илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон башка химиктер да эркектер болушкан. Азыр биз химиянын тарыхын бул методдун талаптарына коюп кайра жаза албайбыз", - дейт басмачы.

Бирок Бактыгүл Исламбекова бул иш жүзүндө мамиле маселеси деп эсептейт:

"Биз болгону бул темага гендердик көз караш менен карап көнгөн эмеспиз. Бирок, ойлонуп көрсөк, илимге чоң салым кошкон айымдар толтура. Мисалы, дүйнөдөгү эң биринчи программист - аял киши. Августа Ада Кинг. Ал тарыхта акын Байрондун кызы катары белгилүү. Бирок андан тышкары, ал программаны биринчи жазган. Же Хеди Ламарр. Ал Джордж Энтейл менен бирге биринчи болуп аппаратты алыстан башкарууга мүмкүндүк берген системаны патенттеген. Бирок тарыхта ал америкалык актриса катары көбүрөөк сүрөттөлөт. Структуралык теңсиздиктин бул кылымдык тарыхый фактысын эске алуу менен, бул инсандар окуу китептеринде айтылбайт. Бирок азыр аларды темага комплекстүү мамиленин бир бөлүгү катары көрсөтсөк деле болот".

Маалымдама

Сүрөттө: Хеди Ламарр - Голливуд жылдызы жана Диснейдеги "Хеди" мультфильминдеги "Белоснежканын" болжолдуу прототиби. Аны дүйнөдөгү эң сулуу аял деп аташкан. Ламаррдын аркасында Wi-Fi жана Bluetooth гана эмес, АКШнын Куралдуу Күчтөрү колдонгон спутниктик байланыш системасы да пайда болгон.

Ламарр бизнесмен, учак чыгаруучу заводдун ээси жана учкуч Ховард Хьюз менен мамиледе болгон. Бир күнү ал Хедини өндүрүшкө алып барып, жогорку ылдамдыкка жетүүгө жөндөмдүү учактын жаңы үлгүсүн иштеп чыгууну кыялданганын айткан. Хеди жаныбарлардын анатомиясы боюнча китеп сатып алып, аны изилдеп, балыктын канаты менен куштун канатынын формасын айкалыштырган жаңы учактын канатынын долбоорун иштеп чыккан.

Хеди горчица дозаторун, флуоресценттик итти байлоочу шайман жана сууда эригенде коланын даамын бере турган газдалган таблеткаларды ойлоп тапкан.

Ал эми 1942-жылы, Хеди Ламарр, өзүнүн "Кислер" деген чыныгы фамилиясы менен, досу, авангард композитор Джордж Энтейл менен бирге, ар кандай жыштыктарда жалган каналдарды берүүнү камтыган "Жашыруун байланыш системасы" үчүн патент алган.

1959-жылы Ламарр менен Энтейлдин патентинин мөөнөтү бүтүп, алар ойлоп тапканы үчүн эч нерсе алышкан эмес. Андан тышкары, 1962-жылы Кубадагы ракета кризиси башталганда, Кубанын айланасында блокада линиясында турган америкалык кемелер "жыштык секирүү" менен башкарылуучу шайман менен куралданган.

Көп жылдардан кийин Хеди Ламарр менен Джордж Энтейлдин патенти Wi-Fi, Bluetooth жана GPSти колдонууга мүмкүнчүлүк берген спектрдик байланыштын негизи болуп калды.

Бул көйгөйгө ата-энелердин да мамилеси ар кандай.

Мадина Асанова, окуучунун апасы:

- Окуу китептеринде кыздарды үй кожойкеси болууга, бала тарбиялоого, ал эми эркектерди үй-бүлөсүн багууга үйрөтүү керек деген маанай көбүрөөк берилип жатканын байкадым. Балдарда эркектер менен аялдардын коомдогу ролу боюнча заманбап жана бирдей көз караштарды калыптандыруу маанилүү деп эсептейм. Ошондуктан мектеп китептеринде гендердик тең салмактуулук болушу керек. Бул бардык балдар өздөрүн бирдей сезиши жана жынысына карабастан, каалаган чөйрөдө ийгиликке жете аларын түшүнүү үчүн маанилүү. Окуу китептериндеги гендердик тең салмактуулук балдардын бири-бирине болгон сый-урматын калыптандырууга жардам берип, адилеттүү коомдун өнүгүшүнө салым кошот.

Уулум жеке менчик мектепте окуйт. Окуу китептеринин сапаты жакшы. Биз 1-классты бүттүк. Алар (Иллюстрациялар) 100% материалды өздөштүргөнгө жардам береби же жокпу, азырынча ишенимдүү айта албайм. Бирок, мугалимдерге көбүнчө темаларды тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн кошумча материалдарды колдонуу керек экенин байкадым. Мындан тышкары кыргыз тилиндеги материалдын жетишсиздиги белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратууда.

Наргиза Кожобекова, төрт окуучунун апасы (үч уул жана бир кыз):

- Окуу китептериндеги гендердик теңчилик маселесине өзгөчө көңүл бурган эмесмин. Балдар азыр окуп жаткан китептерде баары бар. Мисалдарда, сүрөттөрдө балдар жана кыздар бар. Алар бирдей сүрөттөлөт.

Окуу китептериндеги сүрөттөр менин дүйнөгө, аялдарга жана эркектерге болгон көз карашыма таасир эткен жок деп өзүмдүн мисалымдан айта алам. Буга балдардын мектептен тышкаркы, үйдө көргөндөрү көбүрөөк таасир этет деп ойлойм.

Андан сырткары бизде башка мамлекеттердегидей кыздарга же балдарга катуу чектөөлөр жок деп эсептейм. Кыздар окууга, жогорку билим алууга, унаа айдаганга, чет өлкөгө саякаттоого мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми аялдар бизнес менен ийгиликтүү алектенишет. Бирок бул гендердик стереотиптерге караганда, менимче, үй-бүлөнүн экономикалык шарттарына көбүрөөк көз каранды.

Ошондуктан мен ата-эне катары окуу китептеринин мазмунунда гендердик тең салмактуулук боюнча өзгөчө көйгөйлөрдү көрбөй турам. Бирок мен булар кызыктуу, сапаттуу мазмундагы окуу китептери болушун каалайм. Ошондо материалдар оңой өздөштүрүлөт. Чоң киши болгон мен үчүн да кээде мазмуну аябай татаал китептер бар. Автор, бир сүйлөм менен эмне айткысы келгенин түшүнүү оңой эмес болуп калат.

Балдар үчүн окуу китептеринин дагы бир көйгөйү кыргыз тилиндеги китептердин жетишсиздиги. Балдарымдын кыргызча жакшы сүйлөшүн каалайт элем. Андыктан аларга кыргызча мультфильмдерди көрсөткөнгө аракет кылам. Бирок китептерде көйгөй бар. Жакшы иллюстрациялуу китептердин баары орус тилинде. Мен өзүм ар кандай окуяларды балдарга которуп, айтып берем. Буга Билим берүү министрлиги да көңүл бурушу керек деп ойлойм.

Алмаз Садыбакасов, төрт мектеп окуучусунун атасы (бир кыз жана үч уул):

- Кызымдын тандоо укугу окуу китебиндеги сүрөттөрдөн көз каранды деп ойлобойм. Тескерисинче, бул үй-бүлөнүн колдоосу менен байланыштуу. Мен үчүн эң негизгиси окуу китептери өздөрүнүн негизги максатына – окутууга жооп бериши зарыл. Азырынча, тилекке каршы, биз ал максатка жете албай жатабыз. Окуу китептеринин бардыгы начар деп айтуудан алысмын. Бирок көп. Албетте, бары бир айрым нерселерди өзгөртүү керек. Анын үстүнө, дүйнө өзгөрүп жатат. Бирок аша чаап кеткен да болбойт.

Ал эми орто мектептин мугалими Нургүл Сейдакматова негизинен окуу китептеринин мазмунуна өзгөртүү киргизүүнү колдой турганын билдирди:

"Дүйнө өзгөрүп жатат, балдар башка. Алар биз 20 жыл мурун окуткандардан акылдуураак. Демек, окуу материалы да ошого ылайык болушу керек. Мисалы, жөнөкөй англис тилиндеги окуу китептери тууралуу айтсам: талап да, деңгээл да такыр башка, өзгөрдү. Азыр бул окуу китептеринде Лена Стогованын каникулун кандай өткөрөрүн үйрөтпөйт. Бирок, балдарды, мисалы, өз аймагындагы экологиялык көйгөйлөрдү изилдөөгө чакырышат.

Гендердик тең салмактуулук боюнча, чынын айтсам, так бир нерсе айтуу кыйын. Албетте, окуу китептери заманбап болушу керек жана балдарга жынысына карабастан жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып бериши керек. Мисалы, компьютердик технологияны көп адамдар окушат. Программист кесиби популярдуу. Ошондуктан, окуу китептеринде, кесип же үй-бүлө жөнүндө сөз болгондо, эненин үй кожойкеси же дарыгер болушу шарт эмес, ал программист болуп иштей алат.

Бирок ошол эле учурда китептер элибизде бар баалуулуктарды чагылдырышы керек. Ал эми биздин элде, менин оюмча, салт-санаасын жана жынысына карабастан инсанды сыйлоону айкалыштырган толук демократиялык дух бар. Ошондуктан окуу китептери балдарга дүйнөнүн көп түрдүүлүгүн көрсөтүп, ошол эле учурда коомубуздун маданий өзгөчөлүктөрүн да эске алышы керек деп эсептейм".

Ал мугалим катары окуу китептерине мындай жаңылыктар киргизилбегенин айтты.

"Мектепке китептердин партиясы жеткирилет. Биз аларды алабыз. Предметтик мазмуну боюнча изилдейбиз: материалдардын көлөмү өзгөрдүбү, бөлүмдөрдүн мазмуну, кандай жаңы темалар пайда болду. Чынын айтсам, мен балдар менен кыздардын, аялдар менен эркектердин образдарынын катышы боюнча айырмачылыкты байкабай калмакмын. Себеби, мисалы, мен үчүн Марк Твен, биринчи кезекте, Том Сойер жөнүндөгү романдын автору, ал андан кийин гана эркек.

Заманбап стандарттарга жооп берген окуу китептерин колдонуу менен балдарды кантип окутуу керектиги боюнча мугалимдерди кеңири окутуу максатка ылайыктуу болмок. Балким мындай семинарлар кээ бир шаарларда өтүп жаткандыр, бирок айылдык мугалимдерге өткөрүлбөйт".

Евгений Терентьев ошондой эле алар басмаканада иштеген кызматкерлер катары бул экспертизанын механизмдерин талкуулоого катышпаганын айтты.

"Бизге мындай экспертизанын пайда болгонун факт жүзүндө гана билдик. Эми мектептерде окуу китебин колдонууга бардык уруксаттарды алуу үчүн биз бул сынактан өтүшүбүз керек", - деди ал.

Мугалимдер жана ата-энелер да бул маселе боюнча айта турган сөздөрү бар экенин айтышат. Эксперттер ыкмаларды өркүндөтүп, бардык тараптардын пикирлерин эске алуу керек деген пикирде. Алдыда көп иштер турат.

"Окуу китептери мамлекеттик жана предметтик стандарттарга ылайык жазылган. Бул документтердин өзүн да экспертизадан өтүү керек дегенди билдирет. Мисалы, мамлекеттик стандартта инклюзия деген эмне, гендердик теңчилик кандайча көрсөтүлүшү керектиги толук жазылган эмес. Мамлекеттик стандартта гендерлик теңчилик кандай көрсөтүлүшү керек? Бул предметтик стандарттарга кандай таасир этиши зарыл?" – дейт Татьяна Матохина.

Ошол эле учурда бардык тараптар тең салмактуулукка жана консенсуска жетишүүгө мүмкүн экенин белгилешүүдө. Ал эми бул процессте Билим берүү министрлиги чоң роль ойнойт.

"Билим берүү министрлиги абдан жакшы ыкманы киргизди. Бул ыкманын алкагында алар институционалдык жактан талдоо жүргүзүп, бул багытта эксперттер менен биргеликте иш алып башташты", - деп баса белгилейт Бактыгүл Исламбекова.

Бул тууралуу сиз кандай ойдосуз?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17055