50 миң сомдон айып. Сот бир тууган Матраимовдорго өкүм чыгарды
RU

50 миң сомдон айып. Сот бир тууган Матраимовдорго өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир тууган Матраимовдор - Исламбек менен Русланга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Көрсөтүлгөндөй, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2024-жылдын 16-августундагы өкүмү менен М.И.И.(Матраимов Исламбек Исмаилович) 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси "Мыйзамсыз ишкердик же банктык ишмердүүлүк" боюнча кылмыш иши козголуп, 50 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылды.

М.Р.И.(Матраимов Руслан Исмаилович) да берененин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси "Мыйзамсыз ишкердик же банктык ишмердүүлүк" боюнча кылмыш иши козголуп, 50 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылды.

Сот тергөө учурунда айыпталуучу менен прокуратуранын ортосунда күнөөсүн моюнга алуу боюнча процессуалдык макулдашуу түзүлгөнүн баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17085