Базарда окуучуларга кийимдер канча сом болуп жатат? Чогуу эсептейли
RU

Базарда окуучуларга кийимдер канча сом болуп жатат? Чогуу эсептейли

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саналуу күндөрдөн кийин окуучулар мектепке бара башташат. Азыр ата-энелер базарларда, соода борборлорунда балдарына кийим, окуу-куралдарды алып берип жаткан кези. Kaktus.kg редакциясы Дордой базарына барып, окуучуларга эң керектүү кийимдердин орточо баасын эсептеп келди.

Кыздар үчүн:

  • бантик - 100 сом;
  • колготки - 150 сом;
  • ак көйнөк - 600 сом;
  • юбка - 380 сом;
  • спорттук кийим - 2800 сом;
  • бел боо - 300 сом;
  • китеп баштык - 800 сом;
  • туфли - 2000 сом;
  • спорттук бут кийимдер - 1800 сом.

Эркек балдардын кийимдери:

  • ак көйнөк - 500 сом;
  • кепка - 350 сом;
  • кара шым - 1200 сом;
  • спорттук кийим - 1500 сом;
  • костюм, шым - 1800 сом;
  • бел боо - 350 сом;
  • китеп баштык - 800 сом;
  • туфли - 2000 сом;
  • спорттук бут кийимдер - 1800 сом.

Редакция окуучуларга эң керектүү эле кийимдердин орточо баасын билди. Окуу-куралдарды эсепке албаганда бир кызыңызды кийинтүүгө эң кеминде 10 миң сом керек. Ал эми балдарга эң кеминде 11 миң.

Концелярдык товарларды өз муктаждыгына карата алат. Бирок эң кеминде окуу куралдар үчүн бир балага 5000 сом кетээрин эстен чыгарбаңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17128