Кара-Суу районунда акимдин орун басары кармалды
RU

Кара-Суу районунда акимдин орун басары кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалды. УКМКдан маалымдашкандай, мамлекеттик кызматкер жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө катышы бар деп шек саналууда.

Белгиленгендей, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын "Ачы" массивинин аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери мыйзамсыз берилген.

"Тактап айтканда, Б.У.А. Шарк (азыркы Датка) айыл аймагынын башчысы болуп туруп, башкы планга өзгөртүү киргизип, социалдык объектилердин жана айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аймагындагы 10 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз бергендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, жер тилкелерин мыйзамсыз берүүнү уюштурууга катышкандыгы үчүн Б.У.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17172