Орзубек Назаров УКМКга сурак берди
RU

Орзубек Назаров УКМКга сурак берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров УКМКга сурак берди. Мамлекеттик коопсуздук комитетинен Назаров өзбекстандык Салимбай байбача каймана аты бар кримавторитет менен байланышы бар экендиги аныкталган дешет.

"3-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында О.П.Назаров УКМКнын тергөө органдары тарабынан Салим Абдувалиев менен жолугушуусу жана таанышуу жагдайлары боюнча суракка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында С.Абдувалиевдин кылмыш ишине тиешеси бар башка кыргыз жарандарын аныктоо боюнча иш-чаралары уланып жатканын белгилешти УКМКдан.

Буга чейин Орзубек Назаровдун Салимбай байбача менен түшкөн сүрөтү чыккан. Мушкер ал жагдай боюнча буларды билдирди.

"2023-жылы Ташкенттеги Дүйнө чемпионатында мени жана иш-чарага катышкан топту түштөнүүгө чакырган. Тамактанып болгон соң тарап кеткенбиз. Өлкөнүн саясатын толугу менен колдойм. Криминалдык чөйрөдөгү Салимбай байбача менен байланышым болгон эмес жана колдобойм", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17191