Нарында токмоктолуп каза тапкан кишинин жакындары тыкыр иликтөө жүргүзүүнү суранышат
RU

Нарында токмоктолуп каза тапкан кишинин жакындары тыкыр иликтөө жүргүзүүнү суранышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Кочкор районунда 64 жаштагы киши ур-токмоктон улам каза болгон. Маркумдун жакындары тиешелүү органдардан тыкыр иликтөө жүргүзүп, адилет чечим чыгарууну суранышат. Бул тууралуу жабырлануучу тарап Kaktus.kg редакциясына билдиришти.

Каргашалуу окуя 3-сентябрда Исакеев айылында болгон. Нарын облустук ички ишер башкармалыгынан кылмышка шектүү камакка алынганын маалымдады.

Милицияга 3-сентябрда саат 14:35 чамасында Кочкор районунун 1958-жылы туулган Б.М. кайрылган. Ал Исакеев айылындагы кырманда бирөөлөр мушташып, болжолдуу бир адам каза болгонун билдирген.

Аталган билдирүү каттого катталып, жерине ыкчам тергөө тобу барганда талаадан жансыз дене жаткандыгы аныкталган. Сыртынан кароо жүргүзгөн учурда жаранга күч колдонуунун белгилери табылган. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында каза болгон жаран Кочкор районунун Исакеев айылынын 1960-жылы туулган Д.К. аттуу тургуну экени аныкталган.

"Бул факты боюнча 122-берене ( Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Кочкор районунун 1982-жылы туулган тургуну М.Ч кармалып, камакка алынган. Шектүү спирт ичимдигин ичкендиги аныкталып, ал маркум Д.К. менен арак ичип отурганда пикир келишпестиктен улам чаап, тээп жибергендиги боюнча көрсөтмө берген", - дешет милициядан.

Учурда өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17235