Бишкектин дагы бир мектеби аралыктан окууга өткөрүлдү
RU

Бишкектин дагы бир мектеби аралыктан окууга өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаадагы №34 атайын мектеп оңдоо иштерине байланыштуу дистанттык окутууга өттү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуучулардын ата-энелери билдиришти.

Алардын айтымында, мектептин ашканасында оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, балдар онлайн окутууга өткөн. Ата-энелерде "эмне үчүн ремонт иштери окуу жылы башталганга чейин бүткөрүлбөйт? деген суроолор жаралууда.

"Адегенде ашканадагы оңдоо иштерине байланыштуу балдарыбыз бир жумага онлайн окушат деп айтышты, муну түшүнүү менен кабыл алдык. Бирок оңдоп-түзөө иштери узакка созулуп, биздин балдар 23-сентябрга чейин аралыктан окуй турганы белгилүү болду. Негизи бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн көмөкчү мектеп болгондуктан билим берүүнүн бул форматы алар үчүн толук ылайыктуу эмес. Мугалимдер мессенжер аркылуу аткарылышы керек болгон тапшырмаларды жөнөтүшөт. Балдарга мындай маалыматты кабыл алуу кыйын, ата-энелердин баары эле мугалимдей боло албайт да. Эмне үчүн чиновниктер башкаларды кыйнабаш үчүн ишти пландай алышпайт? Алар биздин балдардын убактысын уурдап жатышат", - дейт ата-энелердин бири.

Мектеп директору Айнура Алимжанова Kaktus.media сайтына окуучулар дистанттык окууга убактылуу которулганын тастыктады.

"Мектептин ашканасында оңдоо иштери жүрүп жатат. Алар өзгөчө жашоо шартын талап кылган, ошондой эле милдеттүү түрдө тамактанууну талап кылган балдар бар. Кичинекей ызы-чуу, оңдоп-түзөө учурундагы катуу үндөрдү айтпаганда да, балдарда "истерика" пайда болушу мүмкүн. Буга байланыштуу балдарды аралыктан окутууга өткөрүү чечими кабыл алынды", - деди директор.

Окуу жылынын башталышына карата оңдоо иштери эмне үчүн бүтпөй калганы тууралуу суроого мектеп директору жооп берген жок.

"Бул маселе мэриянын карамагында", - деди ал.

Редакция билим берүү министрлигинин басма сөз кызматына суроо жөнөттү.

Белгилей кетсек, окуу жылынын башталышы менен Бишкектин бир нече мектептеринде оңдоо иштери жүрүп жатат. Алардын айрымдары аралыктан окууга өткөрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17266