"Даттануулар көп". Министрлик сабактардын мурдагы графикке өткөрүү маселесин көтөрөт
RU

"Даттануулар көп". Министрлик сабактардын мурдагы графикке өткөрүү маселесин көтөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү министрлиги Бишкек мэриясынан жана Министрлер кабинетинен мектептердеги жана жогорку окуу жайлардагы сабактардын графиги боюнча токтомду өзгөртүүнү суранууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына ведомстводон билдиришти.

Буга чейин бишкектик студенттер ЖОЖдордогу окуу графигинин өзгөрүшү боюнча нааразычылыгын айтышкан. Студенттер бул чечимди жокко чыгарууну жана мурункудай графикти кайтарууну талап кылып петиция түзүштү.

Билим берүү жана илим министрлиги бул маселеден кабардар экенин редакцияга билдирди.

"Мындай чечим мэриянын сунушу менен кабыл алынган. Бирок бул демилгени талкуулоо учурунда Билим берүү министрлигинин сунушу четке кагылган. Бүгүнкү күндө окуу жайлардан графикти өзгөртүү боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Бул суроо-талаптардын негизинде Билим берүү министрлиги мэрияга жана Министрлер кабинетине кат даярдап жатат", - деп белгилешти ведомстводон.

Эске салсак, Министрлер токтомуна ылайык, Бишкек шаарындагы 44 мектепте сабактар саат 07:30да, ал эми ЖОЖдор менен колледждерде саат 10:00дөн эрте башталбайт. Бул шаардагы унаа тыгындары менен күрөшүүнү бир жолу катары каралган болчу.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17291