Айрым микрокредиттик компаниялар текшерүүгө алынат
RU

Айрым микрокредиттик компаниялар текшерүүгө алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК айрым микрокредиттик уюмдардын иши текшерилерин маалымдады. Мамкомитеттен белгилешкендей, текшерүүгө карыз алуучулардан түшкөн даттануулар себеп болгон.

Мындан улам УКМК ири жеке микрокредиттик уюмдардын ишин төмөнкү жагдайларга байланыштуу текшере баштады:

  • жеке жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык ченемдердин сакталбагандыгы (жылдык 33% дан көп эмес);
  • жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү жол-жоболору бузулган учурда (Кредиттин максималдуу суммасына карата талаптарды айланып өтүү үчүн кредит берүүнүн бытырандылык фактылары бар);
  • милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында көзөмөлдөөчү органдарга жалган маалыматтарды (отчетторду) берүү.

Комитет жеке жана юридикалык жактарды кредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17395