Ташиев Ош-Ноокат жолундагы курулуш иштер убагында бүтпөсө чара көрүлөрүн эскертти
RU

Ташиев Ош-Ноокат жолундагы курулуш иштер убагында бүтпөсө чара көрүлөрүн эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолундагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул туурасында мамкомитеттен билдиришти.

Камчыбек Ташиев көпүрөлөрдүн жана жолдун курулушу буга чейин белгиленген мөөнөттө - 30-октябрга чейин бүтүшү керектигин эскертти. Ошол эле учурда сапатка көңүл бурулушу зарылдыгын дагы белгиледи. Эгер айтылган мөөнөттө бүтпөсө, чара көрүлөрүн дагы бир ирет эскертип өттү.

Ошондой эле кийинки жылдын планына Ош-Баткен-Раззаков автожолунун 47-чакырымынан 63-чакырымына чейинки аралыгы киргизилип, келээрки жылдын акырына чейин бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.

Жол куруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коюлган тапшырмалар аткарыларын жана жумуш кызуу жүрүп жатканын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17399