Министрлик бүтүрүүчүлөрдү мектебине жардам көрсөтүүгө чакырды
RU

Министрлик бүтүрүүчүлөрдү мектебине жардам көрсөтүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүүчүлөрдү өздөр окуган мектепке жардам көрсөтүүгө чакырат. Мекеме "Өз мектебиңди колдо!/Поддержи свою школу!" челленджин баштады.

"Челленджге билим берүүнүн өнүгүшүнө кызыкдар болгондор жана өздөрү окуган мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртууну каалаган жарандар катыша алышат. Мисалы катары айтсак, Ш.Жээнбеков атындагы лицей-интернаттын бүтүрүүчүлөрү мектептин чоң залын оңдоп-түзөө үчүн "Бүтүрүүчүлөр ассоциациясын" түзүштү", - дешет ведомстводон.

Эске салсак, 2023-жылы Садыр Жапаров окуучулардын ата-энелеринен акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарган, бирок ата-энелер дагы эле классты тазалоого жана башка мектеп чыгымдарына акча чогултууга мажбур экенин айтып келишет.

Белгилей кетсек, кызматкерлердин маянасы, окуучулардын тамак-ашы, окуу китептерин басып чыгаруу республикалык бюджеттен каржыланат. Коммуналдык чыгымдар, имараттарды оңдоо жана күтүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Андан сырткары бюджетке кирбей калган чыгашалар да бар. Аларды дагы деле ата-энелер каржылайт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17419