Жазаларды аткаруу кызматына 50 млн сомго унаалар берилди
RU

Жазаларды аткаруу кызматына 50 млн сомго унаалар берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Жазаларды аткаруу кызматына наркы 50 млн сомдук автоуналарды тапшырды. Бул туурасында ЖАКтан маалымдашты.

Унаалар ыкчам-кызматтык милдеттерди өз убагында аткаруу жана ЖАКтын материалдык-техникалык базасын оптималдаштыруу максатында алынган.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, "Тулпар Моторс" заводунан 25 унаа сатып алынды:

  • 23 Chevrolet Tracker автоунаасы;
  • 1 Chevrolet Cobalt автоунаасы;
  • 1 даана 5 тонналык Isuzu жүк ташуучу унаасы;
  • Ошондой эле тендердин алкагында Mercedes-Benz Sprinter 1 кичи автобус
  • 1 KIA Carnival микроавтобусу алынды.

Муну менен 2024-жылы ЖАКтын автопаркы 27 жаңы унаа менен толукталды.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев бул окуянын тарыхый маанисин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери ЖАК автопаркы мынчалык олуттуу көлөмдө жаңыланбаганын баса белгиледи.

"Ушул убакка чейин Жаза аткаруу кызматынын автопаркы негизинен эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттик органдар тарабынан белекке берилген эски унаалардан турган, алар Кызматтын транспорттук муктаждыктарын толук камсыздай алган эмес", - дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17493